23-25-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде “Мейкин Азия” II Эл аралык
сынагы өтөт. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, анда кыргыз өлкөсүнүн намысын 5 ырчы коргойт. Тандоо турунун жыйынтыгында Адилет Азимов, Акмөөр
Болотбек кызы, Руслан Асанкан уулу, Аксайбек Муканбет уулу жана Жийдеш Идрисова аттуу ырчылар сынакка катышууга укук алышты. Тандоо туруна жалпысынан 40 ырчы катышты.
Кошумчалай кетсек, фестивалда Орусия, Кытай, Түркия, Болгария, Бахрейн, Литва, Македония, Румыния жана башка чет өлкөлөрдүн эң мыкты музыка аткаруучулары вокал чеберчилиги боюнча ат салышат. Сынакта ар кайсы мамлекеттен келген катышуучулар өз тилинде бир ыр жана дүйнө жүзүндө хитке айланган ырдан бирди аткаруусу керек. Ага 17 жаштан 35 жашка чейинки ырчылар катыша алышат. Популярдуу музыка аткаруучулар арасындагы сынактын байге фонду – 1 000 000 сом.
Фестивалдын максаты маданиятты өнүктүрүү, таланттуу аткаруучуларга колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасын туристтик аймакка айландыруу болуп саналат.