Жылнаама, 12-июль: Мындан 71 жыл мурун театр жана кино артисти, КРнын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева төрөлгөн

* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы театр жана кино артисти, КРнын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлүп, Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектебин бүтүргөн. 1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институттун драма жана кино актёру факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген. Театрда дүйнөлүк жана советтик классикадан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан. 
Таттыбүбү Турсунбаева мамлекетибиздин эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Аны жергебизде "сахнанын ханышасы" деп аташкан. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан.
 
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы кыргыз жеринде уюлдук телефон биринчи жолу шыңгырап, ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору "КАТЕЛ" (Кыргыз-Америка телефону) болгон.
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы түштүк кореялык актёр, модель жана ырчы Ли Бён Хон Сеулда туулган. Ал Ханян университетинин француз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Актёр, модель жана ырчы Ли Бён Хон “Ва-банк” сериалынан кийин белгилүү болгон. Ал корей, англис, француз жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт. 
Голливудда “Кобранын секириги” деген тасмасы менен дебютун баштаган. Ли Бён Хон алгачкы жолу 1991-жылы кино чөйрөсүнө кадам таштап, башка тармактарда да ийгиликтерди жарата алган. Алсак, ал спорттун таэквондо түрү менен машыгып, мактанарлык натыйжаларга жетишкен. Ли Бён Хон “Жан дүйнөмдүн музыкасы”, “Бирге бактылуу”, “Эртеңки махабат” сыяктуу тасмаларда да роль жараткан.
* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы америкалык актриса Мишель Родригес АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарында туулган. Актрисага атактуулукту "Остаться в живых" жана "Форсаж" тасмаларындагы ролдору алып келген. Андан сырткары "S.W.A.T.: Спецназ города ангелов", "Обитель зла", "Аватар", "Мачете" фильмдеринде да тартылган.
12-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-07-12 16:04:34
Апамын суроту го: ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан