Кыргызстандагы кесиптик-техникалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн 80 пайызы иш менен камсыз болушат. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда маалымат жыйында Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин бөлүм жетекчиси Алымкан Саттарова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 110 кесиптик-техникалык окуу жайы бар. “Былтыр кесиптик-техникалык окуу жайларды 15 миң бүтүрүүчү аяктап, алардын 80 пайызы иш менен камсыздалышты”, - деди Саттарова.