
* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы жазуучу, коомдук жана саясий ишмер
Султан Раев Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында төрөлгөн. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. 2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри болуп иштеген. 2010-жылдын июнь айынан баштап чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2012-жылдын мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, ал эми 2012-жылдын 7-мартынан 2014-жылдын 4-апрелине чейин КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри болгон.
Султан Раев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КМШнын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы америкалык актёр
Харрисон Форд АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында туулган. Ал "Оскар", BAFTA сыйлыктарына көргөзүлүп, "Алтын глобус" сыйлыгына арзыган. Харрисон Форд "Самолёт президента", "Паранойя", "Сабрина", "К-19", "Бегущий по лезвию", "Игры патриотов", "Беглец" ж.б. тасмалары аркылуу атакка жеткен.

* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы венгриялык ойлоп табуучу жана скульптор
Эрнё Рубик Венгриянын Будапешт шаарында туулган. Эрнё Рубик дүйнөгө өзүнүн баш катырмалары жана оюнчуктары менен белгилүү болгон. Ал 1974-жылы “Рубиктин кубиги” аттуу оюнчукту ойлоп тапкан.

* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы орусиялык актриса
Анна Снаткина Москва шаарында төрөлгөн. Ата-энеси жөнөкөй авиакуруучулардан болушкандыктан, Анна бала чагында бир топ кыйынчылыктарды көрүп чоңойгон. Кыйналып жашагандарына карабастан, атасы Аннаны 4 жашынан баштап спорттун алгач гимнастика бөлүмүнө, кийинчерээк аэробика бөлүмүнө машыгууга берген. Ошентип, Анна Снаткина балалыгынын 13 жылын спортко арнаган. Ал эми кино багытына өткөндөн кийин спорт Аннанын жашоосунда жөн гана хобби катары кала берген.
Мындай атак-даңкка жеткенге чейин студент кезинде дагы бир топ кыйынчылыктарды көргөн. Экинчи курстун аягында болсо Анна Снаткинага “Московская сага” сериалындагы Е.Градованын ролун аткаруу сунушу түшкөн. Мындан көп узабай эле 2003-жылы Нина Стасованын ролу менен “Участок” сериалына тартылган. Ушундай жол менен кинодогу тушоосу кесилип, 2005-жылы “Обречённая стать звездой” телесериалында Женя Азарина болуп, популярдуулуктун чокусун багындырган. Андан тышкары “Вызов” (Катя), “Аэропорт” (Маша Снегирева), “Боец” (Виктория Варшавская), “Я не вернусь” (Катя, Маша эгиз кыздар) кинолорунда башкы каармандардын ролун жараткан. Ал эми Анна Снаткинаны көпчүлүк “Татьянин день” сериалынан кийин жакшы таанып калган.