25-февралда Аламүдүн районунун 36 жаштагы тургуну А.У. аттуу жаран өз ыктыяры менен 2 даана жардыргыч затты милицияга тапшырып берди. Аталган жаран аларды өз үйүнүн жанынан таап алганын айткан. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда тапшырылган жардыргыч буюмдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.