Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз мамлекетинин түштүк аймагында 10-июлда саат 06:31де күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер силкинүүнүн очогу Кош-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-батышка карай, Салам-Алик айылынан 40 чакырым түндүк-чыгышка, Көк-Жаңгак айылынан 65 чакырым түндүк-чыгышка, Жалал-Абад шаарынан 85 чакырым түндүк-чыгышка карай, Ош шаарынан 120 чакырым түндүк-чыгышка карай жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кош-Дөбө, Макмал айылдарында 4 баллга, Ак-Терек, Кош-Этер, Чет-Булак айылдарында 3,5 баллга, Салам-Алик, Кызыл-Тоо айылдарында 3 баллга жеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
marmiladka9
2015-07-11 11:29:15
Кудай сактасын
+1
kobra86
2015-07-11 12:38:58
Кудай сактасын
+1
bosmos777
2015-07-11 13:50:29
Жараткан сакта!
0
Kg.princ
2015-07-11 16:00:36
Титироонун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан