Куудул жигит
Мыктыбек, кыскартып айтканда, Мыкы ТНТ каналындагы "Comedy Баттл" долбоорунун экинчи туруна чыкты. Анын стендап багытында күлкү тартуулаганы кечээ, 10-июлда аталган каналдын эфиринде орун алды.
Калыстар тобун Семён Слепаков, Сергей Светлаков жана Юля Ахмедова түздү. Башта алар Мыкы деген ат тууралуу сурашты. Андан соң куудул жигиттин тамашаларына баам салып, экинчи турга өткөндүгүн айтышты. Каналдагы "Stand
Up" долбоорунда белгилүү болгон Юля Ахмедова балалыгы кыргыз жеринде, Кант шаарында өткөнүн айтып, канттыктарга салам жолдоду. Ал "китеп" деген сөздү азыркыга чейин билерин айтып, тамашалады.