Чычкан суусуна Нива үлгүсүндөгү унаа 20-30 метр бийиктиктен түшүп кетип, 2 адам көз жумду

10-июль күнү саат 20:02де Бишкек-Ош унаа жолунун 266-чакырымында Нива үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай унаа Чычкан суусуна 20-30 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Жол кырсыгынан 2 адам каза болгонун 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ал күнү окуя болгон жерге ӨКМнын №97-өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, унааны жана каза болгондорду суудан чыгара алышкан эмес. 11-июлда саат 11:30да унааны чыгарышкан, бирок ичиндеги адамдар сууга агып кетишкен. №97-өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 15 куткаруучусу издөө жүргүзүп, саат 13:20 чамасында 2000-жылы туулган Мунара Бекибаева аттуу жарандын жансыз денесин кырсык болгон жерден 100 метр төмөн тараптан таап, туугандарына өткөрүп беришти. Ал эми экинчиси Тургенко Станислав Владимировичти издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
banda-312
2015-07-13 10:34:32
Жайы жаннаттан болсун
0
make2
2015-07-13 10:55:04
Ошол жолдун жээгин тоссо болбойбу? канча адамдын өмүрүн алды, көргөн эмесмин бирок кооптуу желерин тоссо болот чыгарда
+5
chonkurulush
2015-07-13 13:00:26
Жолдун коркунучтуу жерлери тосулган айдоочулар оздору куноолу абайлап айдаш керек. Кырсык каш кабактын ортосунда Кудайымда сактанган адамды сактайт каза болгондордун жайлары жаннаттан болсун. Мен Ош-Бишкек жолунун жургунчулоруно айтаар элем чон эле кишилерге чыккыла алар жол эрежелерин жакшы билишет абайлап айдашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан