Араван районундагы Фергана каналына агып кеткен баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1994-жылы туулган Абдулмухудин Юсупов 7-июль күнү Жар-Кыштак айылынан өткөн Фергана каналына жуунуп жатып кокусунан сууга агып кеткен. Куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүрүп, анын натыйжасында 10-июль күнү саат 15:00 чамасында Юсуповдун жансыз денеси Өзбекстандын Беш-Арык тилкесинде табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.