Орусияда аскер казармасы кулап, бир нече адам уранды астында калды
12-июлда Орусиянын Омск шаарындагы аскердик окуу жайынын казармасынын бир бөлүгү кулап, 30дан ашуун адам уранды астында калды. Кырсыктан 2 аскер каза болгонун 13-июлда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги андан 17 адам тирүү куткарылганын кабарлады. Калганы уранды астында жатат. 4 кабаттуу бул имараттын эмне себептен кулап калганы азырынча белгисиз болууда.