Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 50 жаштагы Б.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 4-июль күнү белгисиз адам короосунда байланып турган уюн уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Г.М. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.