Ысык-Көл облусунда мал уурулуктан улам келтирилген чыгым 3 миллион сомдон ашкан. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жыл башынан бери облус аймагында 175 баш мал уурдалган. Анын ичинен 77 баш мал ээсине кайтарылган. Ал эми келтирилген материалдык чыгым 3 миллион 198 миң сомду түзгөн. Ошондой эле мал уурулук боюнча 61 адам кармалып, 26 адам камакка алынган.