Сокулук районунда 19 жаштагы тургун маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-июль күнү Манас айылында 19 жаштагы О.Б. аттуу тургундун жашаган жери текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында 1 килограммга жакын баңгизат табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.