Кыргыз-тажик чек арачылары биргелешкен машыгуу өткөрүштү

Баткен облусунун Эки-Таш тилкесинде 11-июлда кыргыз-тажик чек ара бекеттеринин башчылары үчүн биргелешкен машыгуу өттү. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, чек арачылар конфликттик кырдаалдарды болтурбоо чараларын, чукул кырдаалды курал колдонбогон шартта жөнгө салууну иликтешти. Машыгууда чек арачылар мамлекеттик чек аранын катаал аймагына барышып теориялык билимдерин иш жүзүндө көрсөтүшкөн. 
Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Уларбек Шаршеев: "Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек арачылары үчүн өткөрүлгөн биргелешип машыгуу эки мамлекеттин чек ара мекемелеринин башчыларынын чечимин ишке ашыруу. Мындай иш-чаралар бизге кыргыз-тажик чек арасындагы чатактарды азайтууга гана эмес, республикалардын чек арага жакын аймактарында туруктуулукту камсыздоого мүмкүндүк берет",- деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан