25-февралда теннис боюнча Казакстандын Актөбө шаарында өткөн Эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчу Данияр Дулдаев жеңилип калды. Маалым болгондой, мелдештин 1-турунда Дулдаев кытайлык теннисчи менен беттешип, 2:6 эсебинде жеңилген. Ал эми 2-турда командалык оюн болуп, Дулдаев өзбекстандык спортчу менен бирге Казакстандын теннисчилери менен беттешип, 2:6, 6:4, 9:11 эсебинде утулууга аргасыз болгон. Айта кетсек, 14 өлкөдөн 43 теннисчи катышкан бул мелдеш 3-мартта аяктайт.