Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү кармалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айынын башында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Сапар жана Тыныбек аттуу жигиттер Ош шаарынын 37 жаштагы тургунун сабашып, денесине оор залал келтиришкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр издөөгө алынган. Анын натыйжасында жогоруда аты аталган эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан