Бүгүн, 26-февралда Египеттин Луксор шаарында жерден 300 метр бийиктикте бара жаткан аба шары жарылып, кырсыктан 19 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялашты. Аба шарында 20 турист жана 1 башкаруучу болгон. Каза болгондордун арасында 9 кытай жараны, франциялык 2, британиялык 2, япониялык 4 жаран болгон. Ал эми 2 туристтин өздүгү учурда такталууда. Аман калган бир эс алуучу менен башкаруучу ооруканага жеткирилип, кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.