Орусияда эки кыргыз жаранын карактагандардын бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 7-июль күнү Красногорск шаарында болгон. Анда эки кыргыз жараны лифттен чыгып бара жаткан учурда белгисиз адамдар беттерине газ чачып, ур-токмокко алышкан. Андан соң жанындагы 450 миң рубль акчасын жана уюлдук телефонун алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Т.Э. кармалган.
Ал буга чейин да жабырлануучулардын бирине келип, ай сайын 50 миң рублдан берип турушу керектигин айткан.