Орусияда ураган аскер казармасында кыргыз жоокерлери окубайт

Орусияда ураган аскер казармасында кыргыз жоокерлери окубайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, 12-июлда кечинде Орусиянын Омск шаарындагы 242-окуу борборунун казармасы урап түшкөн, анын алдында 42 адам калган. Учурда алардын 23ү өлгөндүгү айтылууда. Айта кетсек, аталган борбор аба десанттык аскерлеринин сержанттарын жана кенже адистерин даярдайт.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен Омск шаарында окуп жатышкан 16 курсант Орусиянын материалдык-техникалык камсыздоо Аскер академиясынын филиалынын угуучулары болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur_2010
2015-07-13 23:15:17
Жаман болуптур.Эмне себептен урап тушуптур.здания жаныдай эле корунотго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан