Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун басма сөз кызматы 13-июлда "Айдаркен коммунальщик" ишканасына
каршы чыккан митингчилердин талабын аткарууга негиз жок экенин билдирди.
Маалыматка караганда, ишкананы мэриянын карамагына өткөрүү талабын иликтөө үчүн фонд тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Текшерүү иштерин жүргүзгөн комиссиянын чечими менен "Айдаркен коммунальщик" акционердик коом катары иш алып барганы эффективдүүрөөк деп табылган. Ошондой эле мэриянын 994 657,42 сом, шаар мэри М.Мукумовдун 67 миң сом, шаардык кеңештин спикеринин 60 миң сом карызы бар экени маалым болгон.
"Айдаркен коммунальщиктин" жетекчиси Гүлшан Ильязованы кызматтан кетирүүгө негиз жок. Фонддун башкармалыгы аталган кызматкерлер жакшы иштеп келе жатышат деген пикирде",- деп билдирет Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун басма сөз кызматы.
Эске салсак, митингге шаардын мэри Момун Мукумов жана башка жетекчилер болуп
жалпы 100гө жакын адам катышкан эле. Алар кээ бир үйлөрдүн карызы көбөйүп
кеткендиктен, ишкана үйлөрдү тургундардан тартып алып, башка бирөөлөргө
сатып жибергенине нааразылыгын билдиришкен. Ошондой эле "Айдаркен
коммунальщиктин" жетекчиси Гүлшан Ильязованы кызматтан кетирүүнү жана ишкананы мэриянын балансына өткөрүүнү талап кылышкан.