
* Мындан 105 жыл мурун, 1910-жылы америкалык мультипликатор
Уильям Ханна төрөлүп, 2001-жылы 22-мартта 90 жашында Лос-Анжелесте каза тапкан. Уильям Ханна менен аниматор Жозеф Барбера “Том менен Жерри” мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "аталары" катары белгилүү болушкан. Америкалык мультсериал 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келген. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана кейипкерлердин атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турган. 2001-жылы Уильям Ханна каза болсо, 2006-жылы Жозеф Барбера каза таап, бирок алардын сериалы узак убакытка шедеврге айланган.

* Мындан 102 жыл мурун, 1913-жылы АКШнын 38-президенти, мамлекеттик ишмер
Жеральд Форд АКШнын Небраска штатындагы Омаха шаарында туулуп, 2006-жылы 26-декабрда 93 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Форд Американын шайлоо аркылуу эмес бийликке келген жалгыз президенти. 1974-жылы президент Ричард Никсон "Уотергейт" чатагына байланыштуу кызматтан кетип, анын ордун ошол кезде вице-президент болуп турган Жеральд Форд ээлеген. 1976-жылы Форд президенттик шайлоого Республикалык партиянын талапкери катары катышкан, бирок демократ Жимми Картерге уттуруп койгон.
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы Сальвадор менен Гондурастын ортосунда 6 күнгө созулган чыр-чатак ("Футбол согушу" деген ат менен белгилүү) башталган. Анын чыгышына футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо баскычында Гондурас командасынын жеңилип калышы себеп болгон. Бул кыска убакыт ичинде эки тараптан 2 миңдей (кээ бир маалыматтар боюнча 6 миң) адам каза болгон.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Японияда күндүн ысыгынан 17 адам өлүп, 7 миң адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинен үчөөсү оор абалда болгон. Ысыктан негизинен жашылча-жемиш бакчаларында иштеп жаткан кары-картаңдар жапа чегишкен. Аталган өлкөдө абанын күндүзгү температурасы 37°C болгон.