Чүй облусунун Кемин районунда Лексус-470 унаасы менен Мерседес үлгүсүндөгү унаа кагылышты. Кырсык Бишкек-Торугарт унаа жолунун 80-чакырымында 11-июль күнү катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Окуя болгон жерге ӨКМнын №5-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, тиешелүү жардам беришкен.