Ысык-Көл облусунун 21 жаштагы тургунунан 31 килограмм маңзат алынды

Ысык-Көл облусунун 21 жаштагы тургунунан 31 килограмм маңзат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кылмыштарын аныктоо боюнча “Мак-2015” аталышындагы операция жүргөн. Анын негизинде оперативдүү маалымат боюнча Темир айылынын 21 жаштагы жашоочусунун үйү текшерүүгө алынып, 31 килограмм марихуана табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан