Ички иштер министрлиги Ак-Талаа районунда кассирге кол салуу фактысын тастыктап, кылмышкерлердин аты-жөнү такталып жатканын билдирди

Ак-Талаа районунда кассирге кол салгандардын аты-жөнү такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-июль күнү аталган райондун Байысбек аттуу тургуну SUPER.KG порталына кайрылып, Каныбек Мамытбеков аттуу кассирге кол салуу болуп, аны менен чогуу бараткан сакчынын бутуна ок тийгенин кабарлаган. Кассирдин жанында болжол менен 2 миллион сомго жакын акча болгон. 

Ал эми Ички иштер министрлиги бул маалыматты тастыктап, бирок азырынча окуя тууралуу так маалымат жок экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Izdeim_seni.
2015-07-14 10:38:04
башында жети миллион бар экен кассирдин жанында деп жазылды эле го
+1
Gamze90
2015-07-14 13:11:38
2,000,000 ду алып алып кочо бойлоп журушсо аларды тонобогондо не кимди тономок эле? Сырттагы адам билмек беле кассирде ошончо акча барын, ичинен чыккан ири жыланды издешсе эле табылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан