Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 64 кызматкери айлык маянасынын 1 күндүк бөлүгүн Ысык-Көл облустук ооруканасынын реабилитация бөлүмүнө которду. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Оңдоо иштери жасалгандыгына карабастан, ооруканада мүлк жана медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча көптөгөн маселелер бар экендигин айткан кызматкерлер 20 миң сом беришти. Эскерте кетсек, аталган оорукананын “Ак-Суу” реабилитациялоо бөлүмү республика боюнча нерв тутумунун татаал ооруларына чалдыккан балдарга жардам көрсөтөт.