Талас облусунда мурдагы эки милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки милиция кызматкери М.М. жана Н.М. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнө Кыргыз улуттук университетин бүткөндүгү боюнча диплом тапшырышкан. Мындан улам алар 2012-жылдын 29-октябрынан тарта 2015-жылдын 24-июнуна чейин Манас жана Кара-Буура районунда аймактык инспектор болуп иштеп келишкен. Иликтөөдө алардын окуу жайда окубаганы жана диплом берилбегени аныкталган. Учурда “алдамчылык”, “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.