Жети-Өгүз районунда 1,2 миллион киловатт-саат электр энергиясын мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын октябрь айында Жети-Өгүз райондук электр станциясынын башчысы 1,2 миллион киловатт-саат электр энергиясын мыйзамсыз эсептен чыгарып, жасалма акт түзүү менен коммерциялык уюмга 1 миллион 947 миң сом акча которгон.
Учурда “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”, “далилдерди жасалмалоо”, “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.