Тажикстандын аймагында 14-июлга караган түнү саат 00:30 чамасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук илимдер академиясынын
Сейсмология институтуна шилтеме берип ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Жер титирөөнүн очогу кыргыз жериндеги Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым, Дароот-Коргон, Жар-Башы айылдарынан түштүк-чыгышка карай 50 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан 115 чакырым жана Ош шаарынан 140 чакырым алыстыкта орун алган.
Ачык-Суу айылында жер титирөө 4 баллга, Дароот-Коргон, Кара-Мык,
Кашка-Суу, Кара-Кабак, Жар-Башы айылдарында 3 балл болду.