Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун жетекчилиги баштаган делегация 17-июлда кыргыз мамлекетине келет. Делегациянын жетекчилиги кыргыз өлкөсүнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарынын башчылары менен жолугушмакчы.
Жолугушууда маданиятты өнүктүрүү жана туризмди жакшы жолго коюу боюнча келишимге кол коюлат.
Аталган министрликтин билдиришинче, жолугушуулардын аягында делегациянын курамындагы маданият өкүлдөрү концерт тартуулашат.