Жарандык активисттерден акча талап кылган эки МАИ кызматкери камакка алынды

Жарандык активисттерден акча талап кылган МАИ кызматкерлери Жеңиш Чокморов менен Урмат Белеков жана уруш чыгарууга аракет кылгандардын бири А.Ш. камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, июнь айынын аягында интернетке МАИ кызматкерлеринин жарандык активисттерден акча талап кылып жатышканы тартылган видео тараган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада МАИ кызматкерлерине “пара талап кылуу”, “кызмат абалынан пайдалануу” жана уруш чыгарууга аракет кылган эки балага “ээн баштык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
EdikoKG
2015-07-14 15:59:26
ГАИлерге сабак болгудай жаза алышсын!
+5
okumushtuu
2015-07-14 16:00:06
мен бул маалыматка ишенген жокмун камалды, согуш жарыяланды, эскертуу берилди, катуу урушуп койдук, тарбиялап жатабыз, деги ушул сыяктуу создого ишенгим да келбейт себеби менде мындай учурлар коп болгон, мен права алаарда да кайра тапшыр сен отпой калдын балын жетпей калды деп торт жолу тапшыргам курска бир да жолу келбеген бала правасын жарым эле саатта алып кеткенде жаман ыйлагым келген. МАИ кызматкерлери менен дагы да курошубуз керек раз мыйзам иштебейби биз жарандык активисттер тарбиялап ,)
+6
mirlan15
2015-07-14 16:04:15
Мына мыйзам ушундай баардыгыбызга тен бирдей болушу керек, башка чиновниковниктерди, офисте иштегендерди пара алуу беренеси менен кармайсынар да булардын пара алып жатса да копчулук учурда эч нерсе кылбайсынар ! Ошон учун алар коркпойт ! Азыркы учурда таанышын болсо болду мыйзамга баш ийбейсин!
+3
Mongol1155
2015-07-14 16:54:49
Андан аркысын да куто туралы
0
aidan94ru
2015-07-14 16:57:20
Дрыщ ты дагы деле таппадыбы..дагы бир чондун колтугунда бекинип журот да
+7
Gamze90
2015-07-14 17:31:08
Ар ким оз кылганына жараша жаза алышсын.
+1
Bors
2015-07-14 17:41:21
Дрыщ ийнинде жатса керек. Негизи шаарда ГАИ деген турбоосу керек Европа Америка Кытай чон мамлекеттерде шаарда ГАИ дегенди корбойсун ДТП болгон жерлерде эле корбосон башка жакта жок только камералар турат.
+2
Aidar.001
2015-07-14 20:21:21
Bors, барбаган жерин калган эмес окшойт
0
Asus77
2015-07-15 08:04:48
Мыйзам ушундай иштеген болсо паракорлор да азаймак.
0
Daud
2015-07-15 10:41:42
Дрыщ кармалды деп бугун эле фейсбуктан окудум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан