Кыргызстанда алкоголь ичимдиктерин өндүргөн 42 ишкана бар, алардын ичинен 9 ишкана арак, 3 ишкана спирт өндүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин жана спирт өндүрүмдөрүн көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Орозалиев бүгүн, 26-февралда маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ишканалар акциздик салыкты өз маалынан кечиктирбей толугу менен төлөп туруусу кажет. Бирок азыркы учурда айрым ишканалар аталган мыйзамдын талаптарына жооп бербегендиктен, 25-январда комиссиянын чечими менен бир катар ишканалардын лицензиясы алынды. «Бул ишканаларга лицензияны кайра калыбына келтирүү үчүн мүмкүнчүлүк берилген, бирок берилген убакыт ичинде эч бир ишкана акциздик салык боюнча лицензиясын кайтарып алууга кайрылган жок»,- деди Орозалиев.