Индиядагы Раджамандри шаарында бүгүн, 14-июлда орун алган адамдардын тыгылышынан 27 адам каза тапты, алардын 25и аялдар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя Пушкарам фестивалынын биринчи күнүндө болду. Миңдеген жашоочулар Годавари суусуна түшүүгө аракет кылып жатышкан. Жуунууга биринчилерден болуп түшкөндөр чыгууга, кийинкилер дарыяга умтулганда адамдардын тыгылышы пайда болгон. Суудан чыгып келе жаткан учурда бир нече аял тайгаланып, биринин артынан бири кулагандан улам ондогон адамдар көз жумган. Жабыр тарткандар тууралуу толук маалымат таратыла элек.
Пушкарам фестивалы жыл сайын Индияда өткөрүлүп келет. Сууга жуунуу ишенимин өлкөдөгү башкы 12 дарыянын урматына 12 күн өткөрүшөт. Ага 10 миллионго жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө.