Режиссёр жана продюсер
Ырыс Окенова июнь айынын соңунда кыздуу болду. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына бүгүн, 14-июлда режиссёр:
"Үч уулубуздан кийин кыздуу болуп сүйүнүп жатабыз. Башкача сезимдер болот экен. Кызыбызга Адеми деген ысымды чоң атасы койду. Учурда ден соолугубуз жакшы. Кызым 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү",- деп билдирди.
Белгилей кетсек, Ырыс Окенова тасма тартуу менен бирге маданий телекөрсөтүүлөргө продюсерлик кылып келет. Ал режиссёрлук кылган "Президент жана бомж" тасмасы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер тасмасы" наамын жеңип алган.