Жылнаама, 15-июль: Мындан 18 жыл мурун италиялык модельер Жанни Версаченин сөөгү Майами-Бичтеги вилласынын кире беришинен табылган

* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы киноактёр, обончу, композитор, СССР Театр ишмерлер союзунун, Кинематографисттер союзунун, Композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуркан Турсунбаев туулган. Нуркан Турсунбаевдин көпчүлүккө таанылган ырлары: "Ай баратат", "Суу алган кыз", "Алтынчы күнү кечинде".
 
* Мындан 91 жыл мурун, 1924-жылы СССРдин Эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, советтик балет бийчиси, хореограф, актёр, Эл аралык бий академиясынын академиги Махмуд Эсамбаев Чечен Республикасынын чет жакасындагы Старые Атаги аттуу чечен айылында туулган. 1939-жылы Чечен АССРиндe Мамлекеттик ыр жана бий ансамбли уюштурулуп, анда жаш Махмуд чебер болуп эмгектенген. 1944-жылы И.В.Сталиндин буйругу менен Түндүк Кавказ элдери Чыгышка депортацияланган. М.Эсамбаевдин үй-бүлөсү Кыргыз ССРине келген. 
1944-жылы ноябрдан тартып Махмуд Эсамбаев Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеп, "Бахчисарай фонтанында", "Кызыл кызгалдак", "Ресторандагы бий" балеттерин чоң жетишкендик менен аткарган. Ал эми 1957-жылдан тартып мекени болгон Грозныйдагы Чечен-Ингуш филармониясында эмгектенген. 1959-жылы М.Эсамбаев "Советтик балет жылдыздары" (12 кишиден турган) тобуна мүчө болуп, Францияга, Түштүк Америкага гастролго барып келген. 
Махмуд Эсамбаев 2000-жылы 7-январда 75 жаш курагында көз жумган.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы италиялык модельер Жанни Версаченин сөөгү Майами-Бичтеги вилласынын кире беришинен табылган. Ага Эндрю Кьюненэн деген гемосексуалист ок атканы аныкталган. 
Жанни Версаче 1946-жылы 2-декабрда туулган. Ал 1978-жылы эмерек, телефон, унаа, косметика, аксессуар, кийим чыгарган “Gianni Versace” аталышындагы маркасын негиздеген. Жарашыктуу кийинүү, табитке жараша туура тандоо артыкчылыгы Жанниге апасынан өткөн. Кичине кезинен апасын ээрчип жумушка барган Жанни колуна кездеме кармап чоңойгон. 32 жашында апасынын, карындашынын жардамы менен “Gianni Versace” деген компания ачып, ишти баштаган. Башынан мода тууралуу түшүнүгү кеңири болгондуктан, компанияны бутуна тургузууга кыйынчылык деле жаралган эмес. Жанни Версаче каза болгондон кийин ишин шакирттери, карындашы жана иниси уланткан.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы түштүк кореялык ырчы PSY`дын "Гангнам стайл" ыры интернет ааламына жүктөлүп, 5 айдын ичинде 600 миллион жолу көрүлгөн. Ал эми 3 600 000 жолу "жакты" белгиси коюлган. Бул үчүн аталган клип 2012-жылдын 20-сентябрында "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Мындан сырткары 11-ноябрда Франкфурт шаарында өткөн "MTV Europe Music Awards" сыйлыгынын "Мыкты видео" наамына ат салышып, жеңүүчү аталган.
15-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gulia90
2015-07-15 08:16:41
Билип койгонунарга озунорго жакшы.
+1
admin_portal
2015-07-15 09:06:11
Makentay,
Сунушуңузга рахмат, бирок сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
djamilia
2015-07-15 09:51:15
admin_portal, Саламатсыздарбы Коскор Ата шаарчасындагы санаториясы тууралуу толук маалымат жонундо жазсаныздар сураныч
0
admin_portal
2015-07-15 09:56:47
djamilia, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан