ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов “Ыйык тил” төш белгиси менен сыйланды

Бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйынында аталган министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов “Ыйык тил” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Бекиловго бул сыйлык Республикалык “Кыргыз тили” коому тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы, аталган коомдун идеяларын ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыйгарылды. Сыйлыкты “Кыргыз тили” коомунун Ош облусундагы өкүлү, Ош шаардык кеңешинин депутаты Нуркыз Кадырбек кызы тапшырды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан