Бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук боюнча Методологиялык кеңеш түзүлдү

Каржы министрлигинин 9-июлдагы буйругу менен Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук боюнча Методологиялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.  

Аталган кеңешти түзүүнүн негизги максаттары болуп Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчёттуулукту тийиштүү түрдө уюштуруу жана бул чөйрөдөгү келип чыккан көйгөйлөрдү тез чечүү, мамлекеттик каржыны башкаруу системин ыкчам реформалоо алкагында Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук боюнча ченемдик-укуктук жана методологиялык базаны жакшыртууда макулдашылган иштерди жүргүзүү болуп саналат.

Буйруктун негизинде кеңештин курамы жана жобосу бекитилди. Ошондой эле кеңештин курамына бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлери киришти.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан