"Патриоттор" ур-тепкиге алган кыргыз кызы тууралуу видео Орусияда тартылганы айтылган эле. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыздын өздүгү такталып, аны издөө иштери жүрүүдө. "Башка улуттагылар менен көңүл ачып жүргөнү үчүн кыргыз жигиттери тарабынан сабалган кыз буга чейин кыргыз жеринде жарандык никеде болгону аныкталган. Ошондой эле психикалык жактан жабыркагандыктан, каттоодо турганы белгилүү болгон.
Ал 2014-жылы Орусиянын Екатеринбург шаарында жашап келген болсо, 2014-жылдын декабрь айынан бери кыздын туруктуу жашаган жери белгисиз экени маалымдалды. Азыркы тапта кызды издөөгө Москвадагы диаспоралар, укук коргоо органдары жана Екатеринбургдагы кыргыз өкүлчүлүгү тартылды. Видео 2015-жылы июнь айынын башында тартылган. Кыргыз кызы Баткен облусунда 1996-жылы туулган",- деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Эске салсак,
"патриоттор" ур-тепкиге алган кыз тууралуу видео интернет колдонуучулары тарабынан бир нече күн бою талкууланган. Видеодо кыргыз жигиттери жылаңачталган кызды суракка алып, анын аты-жөнүн, туулган жылын, ата-энесинин аттарын толук айттырышат. Андан соң балдардын "Эмнеге чет өлкөлүк жарандар менен көңүл ачып жүрөсүң? Же бул демократиябы? Кыргыздар жок бекен?" деп кызды урганы видеого жазылган. Балдардын жүзү көрүнбөйт. Өз ара "бери тур, видеого түшүп калба" деп сүйлөшкөндөрү угулат. Видеого кыздын "кечирип койгула, кайталанбайт" деп айтып жатканы тартылган.