Кечээ, 14-июль күнү саат 13:37 чамасында Ош шаарындагы Южный шаарчасында Араван - Ак-Буура каналына 2001-жылы туулган Анара Жээнбекова агып кеткен.
Кырсык болгон учурда кызды куткаруу иштерин Ош шаардык куткаруу кызматынын кызматкерлери жана туугандары жүргүзүшүп, бирок таба алышкан эмес. Бүгүн, 15-июлда таңкы саат 06:10 чамасында туугандары кыздын жансыз денесин суудан таап чыгышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.