14-июль күнү Аламүдүн районунда (Бишкек-Байтик унаа жолунун 12-чакырымында) Тойота-Аллион унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып жол четиндеги даракты сүзгөн. Кырсыктан айдоочу каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Каза болгон адамдын сөөгү унаадан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.