Укук коргоочу: "Милиция күйөөсүн сабаганы аз келгенсип, аларды сүрөткө тартып алган аялын 2 күнгө камап салган"

"ИИМ толугу менен криминалдаштырылган". Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө коомдук укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, акыркы бир жума ичинде милиция кызматкерлери 3 адамды ур-токмокко алышкан. Алардын арасында отставкадагы полковник да бар.

Полковникти бир жума мурун кетип бара жаткан жеринен кармап, ур-токмокко алышкан. Натыйжада анын мурду жана бетинин башка бөлүктөрү сынып, жабыркаган. Мындан тышкары денесинин баары көк ала болгон. Кийими жана жер канга боёлгон.

Мындан тышкары жакында күйөөсүн уруп жаткан күч органдарын аялы уюлдук телефонго сүрөткө тартып алганы үчүн милиция кызматкерлери ал аялды 2 күнгө карцерге камап коюшкан. Алардын үйүндө кичинекей балдары калган. Мен ички иштер министрине кайрылам, бул эмне деген көрүнүш?”- деп суроо салды Үмөталиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
edu.kg.
2015-07-15 16:10:12
Укук коргоо органы бизде барбы? Ал эмне болгон орган? Бул органдын бар экени жок экени билинбейт бизде.
+8
ertur
2015-07-15 16:20:44
укук коргоочулар азыр укук кордоочулар болуп калган, нечен ирет балдардын укугун коргойм деп булардан запкы жедим
+8
Bors
2015-07-15 16:22:35
Ош окуясында аябай эле онавылардын укуктарын коргошту элего ошондо укпадын беле.
+3
admin_portal
2015-07-15 16:44:29
bah_tee, саламатсызбы!
"Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү дайыма тегиз чагылдырып келет.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
aikokul14
2015-07-15 17:12:12
Бизде укугунду коргой албайсын,атана бар энене бар деп бири бирине турто беришет.
0
kubat_1973
2015-07-15 17:31:19
Эки кошунанын короозу чокуша кетсе деле ошол жерде журот ушул Толойкан айым.Укук коргоочулар менен активист дегендер мода болду го.
0
kubat_1973
2015-07-15 17:32:05
кечиресиздер Токтайым
0
maksnarin
2015-07-15 18:38:00
Наркотик менен кармалды деп атпады беле бул кишини,анын устуно Токтоайым эжебиз кичине акчага укук коргобооойт-)))
+3
nurik2103
2015-07-15 19:16:53
Суйлогондорун окуп алып кулкум келди, жондон жон тосуп алып еле ура бермек беле
0
slm-81-10
2015-07-15 19:17:39
Ыйман дегенди билбей калган эркек менен кыздардын укугун жакшы коргойт,биздин укук коргоочулар.
+1
aihan77
2015-07-15 19:23:47
Жондон жон эле ура бергидей алар эмне милициялар мээсинен айныган беле?Бир мандеми бар да !
0
ZANIA-92
2015-07-15 19:45:28
aihan77, бир мандеми бар болгон кундо да мыйзам чегинде жоопко тартыш керек болчу ур токмокко албай...
+1
Anarbek2015
2015-07-15 22:22:05
Ушул активистер менен укук коргочулар тажатыго милицияны жамандай берип,милициялар бир эле кун жумуштарына чыкпай койсунчу эмне болор экен, мындайда милиция жаман жардам керекте айланайын милиция деп калышат алардагы адамдар, милициялар куну туну иштеп кылмыш менен курошуп жандарын тиштерине тиштеп иштеп журушот ошолорун айтып бир баалаган киши жок
+2
Parish
2015-07-15 23:13:50
Милициянын баары эле жаман
эмес,бир карын майды бир
кумалак сасытат дегендей
арасында бар.Ошолордун
зыяны башка милицияларга
тийип атат.Баардыгын
жаман дегенден алыс болойлук.
0
asilkg
2015-07-16 03:38:19
Parish, хорошый мент мёртвый мент.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан