Талас облусундагы "Кызыл-Адыр" көзөмөл пунктундагы коррупциянын бети ачылды

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Талас облусундагы бөлүмү облустук прокуратура менен биргеликте жүргүзгөн операциясынын негизинде Талас облусунун "Кызыл-Адыр" көзөмөл пунктундагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу 15-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалым болгондой, 2014-жылдын 23-июлунан 2015-жылдын 18-июнуна чейин аталган көзөмөл пунктунан салмагы чектен ашып кеткен 400 жүк ташуучу унаа өткөн. Бирок унааларга айып салынган эмес. Анын негизинде административдик айып катары мамлекеттик казынага 4 миллион сомго жакын акча түшпөй калган. 14-июлда пункттун жооптуу кызматкерине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adako
2015-07-15 16:44:45
Ошончо 1 жылдан бери отуп жургон автоунааларды билип туруп, эми операция откоруп текшерип калышкандарына тан каласын биздин органдарга, а может доля берилбей калып операция жасалып кеткен чыгаар.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан