Чүйдө бир нече мал уурулук фактыларына шектелип 1992-жылы туулган Доктурбек уулу Нурсейит изделүүдө. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды кылмышка шектүүнү издөөгө көмөктөшүүгө чакырууда. Көргөн-билгендер (0550) 77-66-81, (0312) 43-88-79, (0312) 43-89-08 телефон номерлери аркылуу байланышса болот. Бул тууралуу 15-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.