Асылбек Жээнбеков Кувейт мамлекетинин Улуттук ассамблеясынын төрагасына куттуктоо жөнөттү

Төрага Асылбек Жээнбеков Кувейт мамлекетинин Улуттук ассамблеясынын төрагасы Али Фахад аль-Рашидге Кувейттин көз карандысыздык күнүнө карата куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Куттуктоодо: “Сизди жана сиз башында турган Кувейт элин улуттук майрамыңыздар – Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм. Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы кызматташтыктын кең келечеги бар. Биздин парламенттер кыргыз-кувейт мамилелеринин бекемделишине чоң салымын кошот деп ойлойм. Учурдан пайдаланып сизге бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кувейт элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалайм”,- деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан