Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу Түркиядагы сынакта баш байгени багынта алган жок. Бул тууралуу кечээ, 14-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун топтун менеджери
Айбек Мирбеков SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, кыргыз бийчилери финалга чыгышкан. Сынактын жеңүүчүсү СМС аркылуу берилген добуштардын негизинде аныкталды. "Балдар алдынкы 3 орундун ээлерин аныктайт деп ойлоп жатышкан. Уюштуруучулар 1-орундун ээсин гана жар салып, башка орундар боюнча маалымат беришкен жок. Балдар жыйынтыкты да, канчанчы орунду ээлегендерин да биле элек. Негизи, 8 же 10 финалчы бар болчу",- дейт
А.Мирбеков.
Кошумчалай кетсек, 1-орунду түркиялык күлкү жаратуучу Юнус Каража ээледи. Сынактын баш байгеси 100 миң еврону түзгөн.