100 миң доллар пара алып жатып кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов бүгүн кечинде СИЗОго киргизилиши мүмкүн. УКМКнын маалымат кызматы депутат учурда сыртта экенин кабарлады. "Депутат учурда сыртта жүрөт. Азырынча бизде ушул гана маалымат бар, башка эч нерсе айта албайбыз",- деди басма сөз кызматынын өкүлү.
Айта кетсек, Коркмазов бүгүн, 15-июлда 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Депутат Жогорку Соттогу отурумда Нариман Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн экс-мэрдин туугандарынан 200 миң доллар талап кылган. Учурда Коркмазовго "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө.
Хажимурат Коркмазов 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунун мүчөсү.