Бишкекте өткөн бильярддын снукер түрү боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык Ызатбек Раатбеков жеңүүчү болду. Маалым болгондой, бул иш-чарага 22 өлкөнүн спортчулары катышты. Мелдеште 2-орунду пакистандык Камал Юсуфзай, 3-орунду кыргызстандык Зайлан Адамов ээледи. Мелдеш 23-24-февраль күндөрү болуп өттү.