Жылнаама, 16-июль: Мындан 106 жыл мурун Германияда автоунааларды чыгаруучу "Audi" компаниясы негизделген

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы шоумен жана ырчы Микаэль Чүй облусунун Кант шаарында туулган. Ырчынын "Люблю тебя я", "Я уже еду" аталыштагы ырлары хитке айланган. 
Микаэль 2010-жылы 31-мартта киши колдуу болуп каза болгон.


 
* Мындан 106 жыл мурун, 1909-жылы Германияда автоунааларды чыгаруучу "Audi" компаниясы түзүлгөн. Аны немис автоконструктору Август Хорьх ачып, немисче "хорьх" (немис тилинен кыргызчага которгондо “ук” дегенди билдирет) деген сөздүн латын тилиндеги котормосун алат да, компаниясын “Ауди” деп атайт. “Ауди” компаниясы 1934-жылы Германиядагы мотоцикл жана унаа чыгаруучу “ДКВ”, “Вандерер” жана “Хорьх” деген ири фирмалар менен биригип, “Ауто юнион” деген аталышты алган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “Ауто юнион” компаниясы банкротко учурап, өлкөдөгү акциянын эң көп бөлүгүн ээлеген “Мерседес Бенц” фирмасы “Ауто юнион” компаниясын 1964-жылы “Фольксвагенге” сатып жиберет. 1965-жылдан тартып “Ауто юнион” өз күчүнө кирип, “Даймлер-Бенц” көзөмөлү менен 1967-жылы “Ауди” компаниясы деп атала баштаган. 1968-жылдан тартып “ДКВ”, “Вандарер”, ”Хорьх” жана “Ауди” 4 компанияны чагылдырып, бири-бирине кийишкен 4 даана тегерекчени эмблема катары чыгарышкан. Ошентип, эмблемасындагы 4 шакекче анын тарыхын чагылдырып, 4 компаниянын биригишин билдирет.
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Саддам Хусейн Ирактын 5-президенти болуп шайланып, 2003-жылга чейин өлкө башында турган. Иракты 24 жыл башкарган Саддам Хусейн 2006-жылдын 30-декабрында Багдад шаарында таңкы саат 6:00дө дарга асылып, эртеси күнү өзү төрөлгөн кыштактагы балдары жаткан мүрзөгө сөөгү коюлган.
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы түштүк кореялык актёр Ким У Бин Сеул шаарында туулган. Өз аты - Ким Хён Жун, Ким У Бин - сахнадагы псевдоними. Кесиби - модель, актёр. Чыгармачылыгын 2009-жылы моделдик кесиптен баштаган. Ким У Бин тартылган сериалдар: "Белое Рождество", "Достоинство джентльмена", "Школа 2013", "Наследники", "Для тебя во всем цвету" ж.б.
16-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан