Чүй. Бишкек-Торугарт унаа жолунда эки унаа кагылышып, 5 адам каза болду

Бишкек-Торугарт унаа жолунда эки унаа кагылышып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кечээ, 15-июлда саат 09:20 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 33-чакырымында Тойота Авенсис менен Гольф 2 автоунаалары сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болгон (2 адам окуя болгон жерде, 3 адам ооруканада). Ошондой эле 8 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аламүдүн райондук 1-Өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар барышып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин жана жабыркагандарды унаадан чыгарышкан. Алар "Тез жардам" унаасы менен Кант шаардык ооруканасына жеткирилишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jany-aryk
2015-07-16 10:44:19
Jatkan jerleri jailuu bolsun kaza bolgondordun jakyndaryna sabyr bersin oorukanada jatkandarda aiygyp alla shypaasyn bersin.ushundai bodoo kyrsyktan sak bololuu4u.
+2
Kanat198816
2015-07-16 18:57:54
Аллах мээримине алсын жакындарына сабыр берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан