8-ноябрь күнү саат 18:30 чамасында Мерседес Спринтер кичи автобусунун 50 жаштагы айдоочусу Бишкек-Чалдыбар автоунаа жолунан 40-45 жаштардагы европа улутундагы жаранды коюп кетип, жабырлануучу окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББи маалымдады. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.