Нарын шаарындагы орто мектептерде Жарандык коргонуу күндөрүн өткөрүүнүн алкагында атайын окуулар, практикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө. 26-февралда Нарын райондук жана шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынын жана куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери А.Садыков атындагы №9-орто мектепте атайын окууларды өткөрүштү. Анда өрт кырсыгын түшүндүргөн коңгуроо үнү жаңырып, окуучулар класс жетекчилери менен бирге 4 мүнөттүн ичинде мектеп имаратынан сыртка чыгуу көнүгүүлөрүн аткарышты. Бул көрсөткүчкө адистер канааттандырарлык эмес деп баа беришти. “Бул мектепте окуучулардын саны аз болгондуктан, 4 мүнөттүк убакыт өтө эле көп. Өзгөчө кырдаал катталып же өрт коркунучу болсо, балдар аз убакыттын ичинде имаратты бошото албай калышат. Бул үчүн мектептин мугалимдери мындай машыгууну көбүрөөк өткөрүүлөрү керек”,- дейт Нарын шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары Осмон Оморов.